Яндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралууЭрлист Акунбеков Пекиндеги форумда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн төрт багытын сунуштадыIT-компаниялар Кыргызстандан келген студенттерге кызыкдар — «Касперский лабораториясы»
Жалал-Абадда самогонду мыйзамсыз жасап саткан жай аныкталды
02.09.2025 | 12:44

Жалал-Абад шаарында 1 тоннадан ашык көлөмдө самогон өндүргөн жай аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейддик текшерүү учурунда сатууга даярдалып жаткан 29 челек (5 миң 200 литрге жакын) алкоголдук продукция табылган.
Жерине чара көрүү үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери чакырылып, аталган жайга мөөр басылган.
Салык кызматы уруксат документтери жок алкоголдук продукцияны өндүрүү, сатуу мыйзамды одоно бузуу болуп саналарын жана мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Жалал-Абад шаары