Кыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайттыАйыл чарба министри оорулуу малды бөлүп кармоону жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдыКыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү1-апрелден тарта автоунааларды каттоо толугу менен онлайн форматка өтөтКыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазылат31-мартта мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы аяктайт
Жалал-Абадда баңгизат сатуу менен алектенген топ кармалды
30.04.2025 | 14:29
Жалал-Абад облусунда 17 кг баңгизат сатып жаткан жеринен эл аралык баңги топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын түштүк аймактарына жана Өзбекстанстанга сатуу үчүн баңгизаттарды Тажикстандан жеткирген канал аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөөнүң жыйынтыгында, Ноокен районунун Кыпчак-Талаа айылында жана Шамалды-Сай шаарында баңги заттын партиясын ташуу жана сатуу учурунда «К.Х.Ж.», «К.К.Т.», «М.А.М.» жана «У.Ж.У.» аттуу кыргызстандык жарандар, ошондой эле бул кылмыштуу схеманын уюштуруучусу болгон 50 жаштагы «Т.К.Б.» 17 кг салмактагы афган гашишинин ири партиясы менен кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар