Жалал-Абадда бейшемби күндөн тарта унаа базары иштеп баштайт

Жалал-Абадда бейшемби күндөн тарта унаа базары иштеп баштайт

Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык унаа базары 25-марттан тартып иштеп баштайт. Ал эми буга чейин иштеп келген жеке менчик унаа базары ишин токтотот. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жаңы базардагы даярдык иштери дээрлик аяктап калды. Базар ишке киргенде алгачкы апталарда акысыз болуп, унаалар үчүн төлөм алынбайт. Андан соң ар бир унаа үчүн атайын белгиленген сумма коюлуп, каражат шаар бюджетине түшөт.

Муниципалдык унаа базары Спутник аймактык башкармалыгынын Манас көчөсүндө жайгашкан. Базарга төрт жактан кирүүгө болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>