Кыргызстан менен Алтай байланыштарын чыңдоодо: маданий алмашуудан баштап ветеринардык кадрларды даярдоого чейинБыйыл Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленетОливер Стоундун “Атом” даректүү тасмасы И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандын энергетикасынын келечеги тууралуу талкууну жаратты. Баасы 3,4 млн сомду түзөт. Баткенде аткезчилик менен келген дары-дармектер табылдыОоганстан кургатылган жемиштердин экспортун көбөйттү: 2025-жылы түшкөн киреше 667 млн долларга жеттиРоссия жана Кыргызстан соода жана инвестициялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча кадамдарды белгилешти
Жалал-Абадда бир жумада 12 мас айдоочу кармалды
11.01.2021 | 13:01
Жалал-Абад облусунда бир аптада 12 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 02-январдан 09-январга чейин облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 1048 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган.
Анын ичинен 12 айдоочу автоунааларын мас абалында, 380 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 4 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн, ж.б. жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 652 айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Жалпы 36 автоунаа атайын айып короого коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар