Беларуста жекшембидеги нааразылык акциялары учурунда 17 киши кармалды

Беларуста жекшембидеги нааразылык акциялары учурунда 17 киши кармалды

10-январь күнү Беларуста Александр Лукашенконун режимине каршы нааразылык акциясы өттү. Жүздөгөн кишилер Минск, Брест жана Гродно шаарларында тынч жүрүш жасашты.

Августтан бери биринчи жолу кармоо жапырт мүнөзгө ээ болгон жок: жекшемби күнү кечинде “Весна” укук коргоо борбору жалпысынан 17 киши кармалганын билдирди.

Бул арада Жодино шаарындагы тергөө абагында 40тай киши бар, алар жаңы жылды темир тор артында тосушту.

Жекшембиде «Россия 1» телеканалы Лукашенко менен болгон интервьюну көрсөттү. Анда ал Беларустун жаңы Конституциясы 2021-жылдын соңунда даяр болушу ыктымал экенин айтты.

Лукашенко Конституцияны өзгөртүүнүн башкы максаты – бийлик бутактарынын арасында ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү экенин белгиледи.

Август айынан бери нааразылык иш-чараларына катышкандар өлкөнүн авторитардык бийлиги тыюу салган ак жана кызыл тилкелүү желектерди көтөрүп алышты. Алар Лукашенконун кызматтан кетишин жана былтыркы 9-августтан бери демонстранттарга зомбулук кылган аткаминерлер менен алардын буйругун аткаргандарды жоопко тартууну талап кылышты.

Жапырт камакка алуудан качуу максатында беларус оппозициясынын өкүлдөрү жаңы тактикага өтүшкөн: алар шаар чордонунда эмес, шаар четинде ар кыл конуштарда чачкын жүрүштөрдү өткөрүп келишет. Батыш өлкөлөрү Лукашенконун президенттик шайлоодо жеңгендигин тааныган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>