Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Жалал-Абадда ИИМдин кызматкери өзүн-өзү атып алды
15.05.2023 | 19:24
Бүгүн, 15-майда Жалал-Абад облусунда ИИМдин күзөт кызматынан кызматкери өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуя Ноокен районунда болжол менен саат 11:30да болгон. Маркум күзөт кызматкери катары инкассация унаасын коштоп жүргөн.
“Ал инкассация унаасынын ичинде Калашников автоматы менен өзүн-өзү атып алган”, – деп билдиришти министрликтен.
Учурда күзөт кызматкеринин өлүмү боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Азырынча ал эмне себептен өзүн-өзү атып алганы белгисиз.
Маркум кызматкер Р.А. 24 жашта болгон. ИИМдин Ноокен райондук күзөт кызмат бөлүмүндө 2020-жылдан бери иштеп келе жаткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз