Түркия: Президент ким болору экинчи турда аныкталат

Түркия: Президент ким болору экинчи турда аныкталат

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт. Бул тууралуу Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Ахмет Йенер билдирди.

Анын айтымында, биринчи турда талапкерлердин бири да 50% чектен аша албагандыктан, өлкөнүн президенти экинчи айлампада аныкталат. Ал 28-майда болуп өтөт.

Эскерте кетсек,  Түркияда 14-майда өткөн шайлоодо президенттикке үч адам ат салышты: азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган, оппозициялык Элдик-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу жана АТА альянсынан Синан Оган. Дагы бир талапкер — Мухаррем Инже 11-майда президенттик жарыштан чыкканын билдирген.

Бул шайлоодо бийлик башында турган Режеп Тайип Эрдоганга оппозициядан талапкер Кемал Кылычдароглу башкы атаандаш болду. Эрдоган шайлоого катышкан жарандардын 49,51%, ал эми Кылычдароглу 44,88% добушуна ээ болду. Муну менен экөө тең 50% чектен өтө алган жок.

Эми 28-майда өтө турган шайлоонун экинчи айлампасында эл Эрдоган менен Кылычдароглунун кимиси президент болорун тандайт.

Түркиядагы шайлоо: Эрдоган менен Кылычдароглу 50% чектен аша алган жок

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>