Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Жалал-Абадда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду
06.09.2023 | 10:50
Бүгүн, 6-сентябрда Жалал-Абад облусунда жер титирөө болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 00:12де очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Совет, Карача айылдарында, Ноокен районунун Масы, Кызыл-Октябрь, Эски-Масы айылдарында 4 балл, Базар-Коргон шаарында, Акман айылында, Ноокен районунун Курулуш, Кара-Булак айылдарында 3,5 балл, Кочкор-Ата шаарында, Базар-Коргон районунун Беш-Бадам айылында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом