Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
ТИМ башчысы Кулубаев ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту
06.09.2023 | 10:25
Бүгүн, 6-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти
Маалыматка караганда, жолугушууда уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары арттыруу маселелери талкууланган.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тасмагамбетов быйыл жылдын акыркы чейрегинде Минскте өтө турган Жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясына жана тышкы иштер министрлер Кеңешинин, коргоо министрлер Кеңешинин жана коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин биргелешкен отурумуна көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат берген.
Кулубаев Кыргызстан ЖККУнун алкагында натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз