Жалал-Абад облусунда 14 жаштагы бала 11 күндөн бери табылбай жатат.
ӨКМден билдиришкендей, 31-март күнү Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Ак-Булак айылында 2009-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Бүгүн издөө иштерин улантуу максатында №2 бөлүмдөн 5 куткаруучу, Базар-Коргон райондук №78 бөлүмүнөн 6 куткаруучу тартылды.
Мектеп окуучусу 11 күндөн бери дайынсыз болууда.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз