Өткөн жылы 8 миңден ашык аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган

Өткөн жылы 8 миңден ашык аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган

Кыргызстанда 2022-жылы 980 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулуктан 8225 аял, 290 эркек жабыркаган. Алардын ичинен 210у өспүрүмдөр жана 80и эркектер болгон.

“Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга 8725 коргоо ордери берилген жана 190 коргоо ордеринин мөөнөтү узартылган. Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча 181 кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен 82 иш соттун кароосуна жиберилген.  Ал эми 63 иш жарашуу негизинде өндүрүштөн кыскартылган. Мындан тышкары 36 иш тергөө стадиясында турат”, — деп билдирди Башкы прокурор.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>