Жалал-Абадда психиатриялык ооруканадан бейтап качып кетти. Чоо-жайы
Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык ооруканадан дарыланып жаткан бейтап 20-ноябрга караган түнү качып кеткен. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, бейтап Өзбекстандын жараны болгон.
“Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасынын Кылмыш кодексинин 114-беренеси менен мажбурлоо иретинде дарыланып жаткан Өзбекстандын Фергана облусунун 35 жаштагы К.Б. тургуну качып кеткен. Бул окуя “Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу” болуп катталып, териштирүү иштери жүрүүдө”, – деп билдиришти милициядан.
Эскерте кетсек, буга чейин Жалал-Абаддагы психиатриялык ооруканада көп жылдан бери дарыланып жүргөн адам качып кеткени жана изделип жатканы кабарланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз