Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Чек ара: Тажикстан менен алдын ала макулдашууга жетиштик, – президент
26.11.2022 | 17:18
Чек ара маселеси боюнча Тажикстан менен алдын ала макулдашууга жетиштик. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.
Ал Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилгенин белгиледи.
“Тажикстан менен да алдын ала сүйлөшүүлөргө жетиштик. Бирок кол кое элекпиз. Эки тарап тең макул болдук. Камчыбек Кыдыршаевич (УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев – ред.) барып алдын ала кол коюп келди. Жакында бизге келип, Бишкектен кол коюшат, андан кийин парламентке алып барып, өткөрүп чекит коебуз”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом