Жалал-Абадда шаардык кеңешке 3 партия өттү

Жалал-Абадда шаардык кеңешке 3 партия өттү

Автоматтык эсептөөчү урналардын алдын ала чыгарган жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 партия өттү.

Ага ылайык, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы — 60,33 пайыз же 12 099 добуш алып чоң айырма менен алдыда.

Экинчиде «Өнүгүү-Прогресс» партиясы -14,14 пайыз тактап айтканда 2 836 добуш менен экинчи орунда.

Үчүнчүдө, «Ыйман-Нуру» партиясы — 12,04 пайыз, 2 415 добуш алган.

Эскерте кетсек,  жергиликтүү кеңеште мандатка ээ болуу үчүн партиялар 7 пайыздык босогодон өтүшү керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>