Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Жалал-Абадда тазалык кызматкерлери иш таштады
09.09.2021 | 13:29
Жалал-Абад шаарында “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин жарымынан көбү иш таштады. Мындан улам калган жумушчулар көчөлөрдү тазалоого жетишпей, шаарда таштанды көбөйдү. Бул тууралуу “Акчабарга” “Жалал-Абад-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Айбек Жолдошев билдирди.
Маалым болгондой, мекемеде жалпы 31 кызматкер иштейт. Анын 17си 1-сентябрдан бери жумушка чыкпай жатат. Мунун себебин сезондук иштер башталгандыгы менен түшүндүрүшкөн. Маселен алар жаңгак, мисте терүү менен же шалыда иштеп, убактылуу киреше табууну көздөшүүдө.
“Жалал-Абад-Тазалык” муниципалдык мекемесиндеги кызматкерлер айына 12 миң сом айлык алат. Ал эми шаардан күнүнө 40 рейс таштанды чыгарылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар