Жалал-Абадда жаранды опузалап ири суммада акча талап кылгандар колго түштү

Жалал-Абадда жаранды опузалап ири суммада акча талап кылгандар колго түштү

Жалал-Абадда жаранды опузалап ири суммада акча талап кылгандар колго түштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, 7-ноябрь күнү милицияга 29 жаштагы Сузак районунун тургуну кайрылган.

Арызда ал У.Д. аттуу адам “атаң кумар ойноп 4 300 000  сом акча карызы бар, ошону сен бересиң, жер участкаңдан 700 000 сом алып бересиң, бербесең өлтүрөмүн, үй-бүлөңө тынчтык бербеймин”  деп опузалап коркутуп, 5 000 сом алып кеткенин айткан.

Аталган арыз боюнча топтолгон материалдар Жазык кодексиндеги (“Опузалап талап кылуу”) беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул ишке шектүү катары Сузак районунун тургуну 1980-ж.т. У.Д. жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары 1982-ж.т. А.Б., о.э. 1977-ж.т. Ш.А. 110 000  сом акча алып жаткан жеринен кармалып, 48 саатка убактылуу кармоо жайына киргизилген.

[su_image_carousel source=»media: 47814,47813,47812,47811″ crop=»none» autoplay=»4″]

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 1982-ж.т. А.Б. 2011-жылга чейин  аты-жөнү Б.У.А. болгондугу, ал эми 2013-жылы А.Б.А. кылып өзгөрткөндүгү, о.э. Бадыш каймана аты менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталган.

Жалал-Абад шаардык соту тарабынан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, шектүү 1982-ж.т. А.Б. эки айга камакка алынган. Анын шериги үй камагына чыгарылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>