Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы: артыкчылыктар жана негизги чакырыктар“Өзүм ушундай чечим кабыл алдым”. Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетерин жарыяладыАшууларда кар жаап, чектөөлөр күчүндөАрал-Казарман унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабыкИИМ Курсан Асанов менен Аалы Карашевди массалык башаламандыктар беренеси менен кармады12-февралга карата аба ырайы
Жалал-Абаддагы мектептин кызматкерлерине кылмыш иши козголду
18.12.2024 | 14:13
Жалал-Абад шаарында №3 Ж.Бакиев атындагы орто мектептин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин кызматкерлери аларда билим албаган балдарды “окуду” деп документтерге жалган маалыматтарды киргизип, аларды класстан класска көчүрүп келген.
Маселен 2019-2023-жылдары Россияда жүргөн 11 жаштагы баланы 1-5-класстарды “окуду” расмий иш-кагаздарга жалган маалыматтарды киргизген. Мындай жол менен 16 жана 10 жаштагы эки бала класстан класка көчкөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аларга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери облустук милицияга тапшырылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом