Жалал-Абаддагы рейдде 192 миң сомдук мал уурдагандар кармалды

03.05.2023 | 09:12

Жалал-Абад облусунун аймагында 27-29-апрель күндөрү “Мал ууру” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Рейд учурунда буга чейин катталган бир нече уурулук фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучулардын бири 22-апрелге караган түнү үйүнүн короосунан баасы 100 000 сомдук тайын уурдаткан. Бул кылмышка шектүү делип Сузактын 1997-жылы туулган тургуну С.А. кармалган.

Ал эми дагы бир Сузак районунун тургуну 1-апрелге караган түнү базар баасы 42 000 сомдук тайын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген. Аталган кылмыш ишине шектелип Сузак районунун тургуну 1970-жылы туулган С.И. кармалган.

Токтогул районунун аймагынан 2022-жылдын ноябрь айында жайыттан 50 000 сомдук 1 баш букасын уурдаткандыгын айтып жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылган. Бул кылмышка шектелип Токтогул районунун тургуну 2004-жылы туулган К.М. кармалган.

Ошондой эле Жалал-Абад ШИИБге 1-апрель күнү саат 16:00 чамасында автоунаа жуучу жайдын алдынан базар баасы 10 000 сомдук велосипедин уурдаткандыгын айтып, дагы бир жаран кайрылган. Бул факты боюнча Сузак районунун тургуну 1979-жылы туулган К.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга  киргизилген. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары кармалган жаран Жалал-Абад шаарынын аймагында бир нече уурулук, тоноо, мал уурулук фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Мындан сырткары рейд учурунда мал союлуучу жана эт сатуучу жайлар текшерилип, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

[image_carousel source=”media: 188248,188249,188250,188251,188252″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top