Жалалов: Төрт-Гүл каналы башка мамлекетке өткөн эмес, ага жол берилбейт

Жалалов: Төрт-Гүл каналы башка мамлекетке өткөн эмес, ага жол берилбейт

“Төрт-Гүл каналы Кыргызстанга тийиштүү, ал башка мамлекетке өтүп кетүүсү мүмкүн эмес жана ага жол берилбейт”, — мындай пикирин Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, бүгүн 5-февралда Баткен шаарындагы борбордук мечитте аксакалдар жана жаштардын алдында сүйлөп жатып билдирди. Бул тууралуу өкмөт өкүлүнун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, бүгүн 5-февралда Баткен шаарындагы борбордук мечитте аксакалдар жана жаштар менен жолугуп, чогуу намаз окуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Жергиликтүү эл акыркы күндөрү талкуу болуп жаткан Төрт-Гүл каналы боюнча суроо узатышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө Төрт-Гүл суу сактагычына келген Төрт-Гүл каналы толугу менен Кыргызстанга тийиштүү. 19 чакырым узундуктагы канал, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан башкы суу бөлуштүрүүчү жайдан башталып, Төрт-Гүл суу сактагычына чейин Кыргызстандын аймагы аркылуу агып келет. Аталган каналдын башы, башкы суу бөлүштүрүүчү жай, стратегиялык өзгөчө маанилүү обьект болгондуктан, күнү-түнү Кыргызстандын ички аскерлери тарабынан кайтарылып турат. Бул обьект башка мамлекеттиин карамагына өтүп кетүүсү мүмкүн эмес жана ага жол берилбейт деди.

Ошондой эле жалпы элди сабырдуулукка, ынтымакка чакырып, ал эми чек ара маселеси ачык айкын, эл менен биргеликте, макулдашуу жана тынчтык жолу менен чечилээрин айткан.

Белгилей кетсек, кечээ, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов жаңы өкмөт башчы өз сөзүндө Төрт-Гүл каналынын бир бөлүгү Тажикстанга өтүп кеткенин айтып алганын, ага байланыштуу бул маселени тез арада тактоо зарылдыгын айткан. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>