Жалпы республикалык тестке онлайн катталуу башталды

20.02.2026 | 14:24

17-февралдан тартып Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) онлайн каттоо башталды. Ал 2-апрелге чейин жүргүзүлөт.

Агартуу министрлигинин маалыматында, Каттоо Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун testing.kg сайтынын жаңы каттоо платформасында  жүргүзүлөт.

Каттоо тартиби:

  • Быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрү “Э-Күндөлүк” мобилдик тиркемеси аркылуу катталат.
  • Мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү ББОУБдун сайтынан “Түндүк” идентификациялоо системасы аркылуу каттоодон өтүшөт.

Каттоо үчүн паспорттун түп нускасы, белгиленген талаптарга жооп берген түстүү сүрөт жана бирдиктүү QR код аркылуу төлөнгөн акынын дүмүрчөгү керек. Мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү кошумча орто билими тууралуу аттестатын же дипломун жүктөшү зарыл.

Маанилүү өзгөрүүлөр:

2026-жылдан тартып “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга ылайык, ЖРТнын жыйынтыгы жогорку окуу жайларына гана эмес, орто кесиптик билим берүү мекемелерине (колледждерге) кабыл алуу үчүн да милдеттүү болуп калды. Бул тартип гранттык жана контракттык орундарга бирдей жайылтылат.

Быйыл, 2026-жылы, Жалпы республикалык тест 16-майдан 23-майга чейин өткөрүлөт. Тестке кирүү үчүн жашы 16дан жогору болгон абитуриенттерде паспорттун түп нускасы болушу шарт.

Scroll to Top