Жанар Акаев: Өмүрбекованы кызматтан кетирүү чоң катачылык болду

Жанар Акаев: Өмүрбекованы кызматтан кетирүү чоң катачылык болду

Алтынай Өмүрбекованы кызматтан кетирүү абдан чоң катачылык болду. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Анын айтымында Өмүрбекова азыркы өкмөттүн курамындагы жоопкерчиликтүү жана иш билги кадр болчу.

«Ашууда ат алмашпайт» деген сөз бар. Штабдын ишин алып барып жаткан адамды кетирип, эми жаңысын алып келип аны үйрөткөнчө дагы канча убакыт кетет билбейм. Саламаттыкты сактоо министри катары абдан жакшы иштеп жаткан Талантбек Батыралиевди иштен кетирип, Чолпонбаевди алып келишти. Эми Өмүрбекованы кетирип, айтор, жакшы иштеген, профессионалдарга өкмөттө орун жок”, — деп жазган ал.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2845673675469738&set=a.121972791173187&type=3&theater

Ошондой эле эл өкүлү мыкты кадрларды сактап калууга чечкинсиз парламенттин күчү жетпей турганын моюндаган.

Белгилей кетсек, мурдагы вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  1-апрель күнү кызматтан алынышты. Ушул эле күнү вице-премьерликке Аида Исмаилова, ал эми Саламаттык сактоо министрлик кызматка Сабиржан Абдикаримов дайындалды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>