Июль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайыБШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалууда
Жаңы депутат Алтынбек Кылычбаев Жогорку Кеңеште ант берди
02.10.2024 | 10:28
Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы депутат Алтынбек Кылычбаев ант берди.
Мыйзамга ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеште ант берген күндөн тартып башталат. Ага ылайык Кылычбаев парламенттин бүгүнкү жыйынында ант берип, депутаттык ишине расмий киришти.
Алтынбек Кылычбаев 22-сентябрда №13 Сузак аймагында өткөн шайлоодо депутат болуп шайланган.
Эскерте кетсек, аталган аймак боюнча буга чейин Тазабек Икрамов депутат болгон. Ал 2021-жылы шайланып, быйыл июлда УКМКга бир нече жолу суракка баргандан кийин мандатын тапшырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом