Гидрометеорология кызматы Кыргыстандын аймагында 31-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Чүй облусу:
25-29-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек шаары:
25-29-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Талас облусу:
25-29-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Ош облусу:
25-28-декабрда жана 29-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
29-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жалал-Абад облусу:
25-29-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Баткен облусу:
25-28-декабрда жана 29-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
29-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көл облусу:
25-29-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Нарын облусу:
25-29 декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
30-31-декабрларга карата болжолдуу аба ырайы:
30-декабрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
30-декабрда күндүз жана 31-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз