Садыр Жапаров «Достук» чек ара тозотуна барды — сүрөт

Садыр Жапаров «Достук» чек ара тозотуна барды — сүрөт

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районундагы «Достук» чек ара заставасына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы имараттын абалы жана аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.

Мекеме бардык зарыл болгон жабдуулар менен жабдылганы жана керектүү талаптарга жооп берери белгиленди.

Президент Садыр Жапаров чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча ырааттуу иштер улантыла турганын баса белгиледи.

Мамлекет чек арадагы аскерлердин кызмат өтөөсү талаптагыдай деңгээлде болушу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>