«Отко күйөбү?». Кара-Көлдө балатыга өрт коюуга шектүүлөр кармалды

«Отко күйөбү?». Кара-Көлдө балатыга өрт коюуга шектүүлөр кармалды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жаңы жылдык балатыга өрт коюуга шектүүлөр аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-декабрь күнү болжол менен саат 05:00до милициянын «102» номерине шаардын борборундагы балаты күйүп жатканы кабарлаган.

Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар чогултулган. Бул окуя маалыматтардын электрондук журналына «өрт кырсыгы» болуп катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө өрттүн келип чыгуу себебин аныктоо максатында тиешелүү экспертиза дайындалган.

«Ошондой эле жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында окуяга шектүүлөр аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Тергөөнүн жүрүшүндө топтолгон материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 216-беренеси (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча шектүүлөр суралып, алар 20 жаштагы С.Б., 18 жаштагы А.Н. менен К.Н. жана 17 жаштагы А.А. экендиги жана балатыны «отко күйөбү же жокпу?» деп ойноп от жагып, ал тутанып кеткенде өчүрүшө албай калгандыгы такталган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Эскерте кетсек, Кара-Көлдө жаңы жылдык балатынын оту 22-декабрда жандырылып, эртеси күнү өрттөнүп кеткен. Балатыга кимдир бирөөлөр өрт койгон деген божомолдор айтылган.

Балатыны сатып алууга жана кооздоого 700 миң сом кеткени кабарланган.

Былтыр да Кара-Көл шаарында жаңы жылдык балаты өрттөнүп кеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>