Жаныштын камчысы менен төбөңө жейсиң! “Бүтүн Кыргызстандан” талапкер түз эфирде коркутту, — видео

Жаныштын камчысы менен төбөңө жейсиң! “Бүтүн Кыргызстандан” талапкер түз эфирде коркутту, — видео

Кечээ, 27-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Орусиядагы кыргыз мигранттарына уюштурулган үгүт кербени өткөн. 

Анын жүрүшүндө желектер илинип, каз-катар тизилген автоунаалар менен жүрүшкө чыгып, муну социалдык түйүндөр аркылуу түз эфирде чагылдырып турушкан.

Түз эфирлердин бирин Фейсбуктагы “Мекендеш ТВ” аттуу аккаунт менен аталган партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп чыгып жаткан Шайырбек Таиров чагылдырып турган. Дал ушул “Мекендеш ТВга” Фейсбук колдонуучуларынын бири “Адахан Мудумаров Жаныш Бакиевдин тоюнда жапкан чепкени менен камчысын да даңазалагыла” деген билдирүү калтырган.

Ага түз эфирди алып барып жаткан адам “Камчы менен жакында сизди чабабыз, ишенип коё бериңиз ошол камчы сиздин төбөңүзгө тиет” деп жооп узаткан.

[su_image_carousel source=»media: 41930,41931,41933″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>