Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Жапаров: Биздин энергетиктер өзгөчө кырдаалдарга даяр экенин дагы бир ирет далилдешти
25.01.2022 | 16:21
Бүгүн саат 11:00дөр чамасында Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесинде ири авария болду. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, кырсык Кыргызстандын аймагында болгон эмес.
«Билесиздерби, биз башка өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоп жатабыз. Кырсыктын натыйжасында бардык сактагычтар өз убагында иштеди. Биздин энергетиктер бүт системаны тууралап жатышат», – деди ал.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө жана учурда Кыргызстандын калкынын 50%дан ашыгы электр жарыгына туташтырылган, бардык объектилер штаттык режимде иштеп жатат.
«Биздин энергетиктер өзгөчө кырдаалдарга даяр экенин дагы бир жолу далилдешти», – деди ал.