Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Акылбек Жапаров: Электр кырсыгы Кыргызстандын аймагында болгон жок
25.01.2022 | 16:07
Электр кырсыгы Кыргызстандын аймагында болбогонун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Ал журналисттин суроосуна өзбек тарап электр энергиясынын өчүрүлүшүнө Кыргыз Республикасындагы авария себеп болгон деп эсептеп жатканын билдирди.
«Биз Кыргызстанда болбогонун көрсөтүп, далилдей алабыз. Кайсы жерде жана эмне себептен болгонун үч өлкөнүн өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия аныктайт. Мындай коркунучка биринчи жолу туш болдук», – деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 12.00дөр чамасында электр тармагында авария болгон. Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом