Жапаров: Калктын турмуш деңгээлинин жогорулашы байкалууда

Жапаров: Калктын турмуш деңгээлинин жогорулашы байкалууда

Минкаб Кыргызстандын мындан аркы гүлдөп-өсүшүнө багытталган жаңы амбициялуу пландарды ишке ашыра баштады. Бул тууралуу Кыргыз министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылга чейин пландаштырылган программалык иш-чаралардын көбү мөөнөтүнөн мурда аткарылды.

«Калктын турмуш децгээлинин жогорулашы байкалууда. Мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият кызматкерлеринин айлыктары, пенсия жана жөлөк пул байкаларлык көбөйдү. Социалдык контракт системасы натыйжалуу иштеп жатат, анын аркасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 2022-жылдагы 111 миңден 2024-жылы 81 миңге чейин кыскарды», — дейт ал.

Ал ошондой эле “улуттук долбоорлор” деп аталган долбоорлордун ишке ашырылышына токтолду: Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, ал 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, жүк ташуу географиясын Азиядан Европага кеңейтет.

“Ошондой эле туризм тармагында ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Мамлекет Борбор Азиядагы эң ири курорт боло турган “Үч чоку” тоо лыжа кластерин ишке ашырууда. Ошондой эле, “Байтик резорт” кластерин түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>