КР Саламаттык сактоо министрлиги Медакадемиянын 20 бүтүрүүчүсүн чет өлкөлүк ординатурада окууга жөнөтөт16-февраль: Күн ачык болотБишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайы
Жапаров: Кызматымды тапшырып, президенттик шайлоого катышам – видео
26.10.2020 | 15:25
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катыша турганын айтты. Бул тууралуу ал 25-октябрда Нарын облусунун Кочкор районуна жасаган жумушчу сапарында элдин суроолоруна жооп берип жатып айткан.
Ал шайлоого катышуу үчүн бүгүнкү кызматын тапшырып берерин айткан.
“10-январда президенттик шайлоо болот. Мен декабрдын башында бүгүнкү кызматымды тапшырып берип, катардагы талапкер катары шайлоого катышам. Өтсөм сиз айткандай ажо болом, өтпөсөм сиздердин араңыздарда жүргөн жөнөкөй жаран бойдон калам”, – деген ал.
Буга чейин Садыр Жапаров “Россия 24” телеканалына берген маегинде эгер мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилсе, президенттик шайлоого катыша тургандыгын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат