Жогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмаштыКазакстан менен Кыргызстан экологиялык күн тартибин макулдашты
Министрлер көп, бирок Жапаровдун алардын санын кыскартуу ою жок
14.12.2023 | 11:12
Кыргызстанда министрликтердин саны өтө көп. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында минкабтын башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал Кыргызстандан чоң өлкөлөрда өкмөттүн түзүмү чакан болуп, аткаминерлердин азырак экенин мойнуна алды.
“Менин жеке оюмда министрлердин саны көп. Бирок Садыр Нуркожоевичтин дагы, менин дагы өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү оюбуз жок. Ушул курам менен профицитке жетти, мындан ары дагы астыга жыла беребиз”, – деди Акылбек Жапаров.
Белгилей кетсек, Акылбек Жапаровдо 4 орун басары, 16 министри, 5 агенттик жана фонд жетекчиси бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом