Кара-Сууда окуучулар арасында «Зомбулуксуз жашоо» аттуу сынак өттү

Кара-Сууда окуучулар арасында «Зомбулуксуз жашоо» аттуу сынак өттү

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мектеп окуучулары арасында «Зомбулуксуз жашоо» аталышында сынактык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Иш-чаранын максаты үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөө боюнча иштеген кызматтардын кызматташуусун бекемдөө, зомбулук жасагандарга мыйзамда кандай жоопкерчилик каралганын коомчулукка жеткирүү жана зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болгон.

Иш-чаранын жүрүшүндө милициянын коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери катышуучуларга зомбулуктун алдын алуу боюнча семинар-сабактарды өткөргөн.

Андан соң окуучулар өздөрү даяраган зомбулуктун түрлөрү жөнүндө сахналаштырылган оюн, ыр, бийлерди көрүүчүлөрдүн назарына тартуулашкан.

Жети мектептин окуучулары катышкан сынакта калыстардын чечими менен 1-орунга №112 “Манас” атындагы орто мектеп, 2-орунга №69 “Бобур” атындагы орто мектеп, 3-орунга №66 “В.И.Ленин” атындагы орто мектеп жана 4-орунга №17 “Х.Турсунов” атындагы орто мектеп татыган.

Жеңүүчү аталган мектептин жамаатына Кара-Суу шаарынын вице-мэри Жоомарт Жоробаев түстүү принтерди, ал эми калган мектептерге интерактивдүү такталарды белек катары тапшырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>