УКМК дагы бир салыкчыны кармады

УКМК дагы бир салыкчыны кармады

Бишкектеги «Орто-Сай» базарынан салык чогултууга жооптуу болгон салык кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, С.Э.М. аттуу салыкчы «Орто-Сайдагы» соодагерлерден мыйзамсыз акча өөнөп, алардын салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп келген.

«Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин мындай аракеттери базардагы соодагерлердин нааразычылыгын жаратып, жүргүзүлүп жаткан салык реформасына, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды киргизүүгө терс таасирин тийгизүүдө», — деп билдирет УКМК.

Аталган салык кызматкери шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча иштер уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК «Дордой» базарынан салык чогултууга жооптуу болгон 5 кызматкерди кармаган.

УКМК: «Дордойдон» салык чогулткан 5 кызматкер кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>