Жапаров: Жаңы Конституцияны президенттик шайлоодон кийин кабыл алуу керек – видео

Жапаров: Жаңы Конституцияны президенттик шайлоодон кийин кабыл алуу керек – видео

Президенттик шайлоо менен бирге Кыргызстандын башкаруу системасын тандоо боюнча референдум өткөрүп, ошондон кийин гана Жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алса болот. Мындай пикирин Садыр Жапаров 23-ноябрда “Жетинчи каналга” курган маегинде билдирди.

“Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө айтар элем, бул долбоорду зордоп, “эртең-бүрсүгүнү кабыл ал” деп жаткан эч ким жок. Элден сунуш түшсө, мамлекеттин кызыкчылыган каршы келбесе кабыл алгыла, элдин талкуусуна койгула деп айтар элем. Ошол эле Текебаев, Отунбаевалар көчөдө “сайрабай”, ошол жакка барып сунуштарын беришсин.

Мен парламентке башка сунушту айтайын деп жатам. Жогорку Кеңеште, былтыр Курманкул Зулушев деген депутатыбыз “парламенттик башкарууну каалайсыңбы, же президенттик башкарууну каалайсыңбы?” деген суроону референдумга чыгарууну сунуштаган. Мен ошол мыйзам долбоорун депутаттар алып чыгып, президенттик шайлоодо элдин алдында койсо деп суранат элем. Элдин пикирин угуп алалы, анан бүгүн талкууланып жаткан конституцияны кабыл алалы”, — деди Жапаров.

Ал ошондой эле аталган Конститциянын жаңы долбооруна автор эместигин ал жака бар болгону 2 гана сунуш киргизгенин, анын чыныгы авторлору Азимбек Бекназаров,  Бекбосун Бөрүбашев, Баяс Турал баштаган 20дай адам экендигин айтты.

Ошондой эле 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамды “хандык башкарууга жол ачкан” укуктук механизм катары сынга алды.

Белгилей кетсек, буга чейин «Репортерго» мурдагы ЖК депутаты Исхак Масалиев адегенде, референдумга президенттик башкарууну же  парламенттик башкарууну тандоо боюнча суроо коюу керектигин, андан  кийин гана эл кайсынысын тандаса ошого өткөн оң деген пикирин билдирген эле.  

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>