Жапаров: Жетим-Тоонун сырьесун сатып Кытайдын карызынан кутулуу боюнча сөз болгон

Жапаров: Жетим-Тоонун сырьесун сатып Кытайдын карызынан кутулуу боюнча сөз болгон

Нарындагы Жетим-Тоо темир кени эч бир чет мамлекетке берилбейт. Бул тууралуу президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.  

Ал тышкы карыздан кутулуу үчүн Жетим Тоону Кытайга өткөрүп берет деген ушак сөз экенин билдирди.

 “Жетим-Тоонун бир пайызы эмес, бир тал куму берилбейт, өзүбүз иштетебиз. Жетим Тоо мененби же башка жак мененби… Кытайдын карызынан кутулуу жолдорун издеп жатабыз. Кутулуу жолдору бар. Аны табабыз. Чечилбеген маселе жок.. Жетим Тоону берет деген ушак сөз”, – деди Жапаров.

Жапаровдун айтымында, Жетим-Тоодо азыр темирдин 5 миллиард тоннадан ашык, 50 миллиард долларлык сырьесу бар.  

“Сырьесун берип кутулсакпы деген сөз болгон. Азыр да ошол сөз уланып жатат. Эгер ошону менен кутула турган болсок бир да чет мамлекеттин катышуусу болбойт.  Мисалы Кара-Кечени алалы, барып көмүр кенин четинен казып ташып келип жатат. Жетим Тоо дагы ошондой, четинен казып жөн гана сырьесун сатып бир жылда бир миллираддан ашык карыздан кутулуп койсок болот ,” – деди Жапаров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>