Жапаров жумушсуздарды Эмгек министрлигине кайрылууга чакырды

Жапаров жумушсуздарды Эмгек министрлигине кайрылууга чакырды

Ишкерлер чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүүнү сурануууда. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн Facebook баракчасында билдирди.

Президенттин айтымында, өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей, активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компаниялары токтой баштады. Ишкерлер айрыкча тейлөө тармагына четтен кызматкерлерди алып келүүгө уруксат сурашууда.

«Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде ким жумуш таппай жүргөн болсо, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыздар. Алар сиздерге жумуштарды сунуштайт. Эмгек акылардын көлөмү 20 000-30 000 сом (иш жөндөмдүүлүгүнө жана иштин көлөмүнө жараша мындан да жогору болот)», — дейт ал.

Садыр Жапаров 1899 телефону аркылуу маалымат алуу иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин кайрылуу керектигин белгилейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>