«Студенттерден 300 миң сом чогултушкан». УКМК окуу жайдын кызматкерин кармады (видео)

«Студенттерден 300 миң сом чогултушкан». УКМК окуу жайдын кызматкерин кармады (видео)

Кыргыз-Өзбек университетинин деканынын орун басары акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМкдан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган окуу жайдын гуманитардык-педагогикалык факультетинде 27-29-майда Кыргызстандын тарыхы боюнча мамлекеттик сынак өткөн. Факультеттин деканынын орун басары Д.Д. уулу сынактык комиссиянын 5 мүчөсү менен сүйлөшүп алып, студенттердин сынакты тапшыруусуна бут тосуп, ар биринен 1,5 миң сомдон акча талап кылышкан. Алдын ала эсеп боюнча эки күн ичинде студенттерден 300 миң сомго жакын акча чогултулган.

28-майда “пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Д.Д. уулу УКМК тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул ишке аралашкан кишилер боюнча далилдерди чогултуу жана документтештирүү иштери жүрүүдө.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>