Жапаровдун Япониядагы сапарында кол коюлган документтердин тизмеси

20.11.2023 | 20:57

Президент Садыр Жапаровдун 17-20-ноябрда Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондо, төмөнкү документтерге кол коюлду:

– Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы жаңы доордогу достук жана баарын камтыган ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен билдирүү;

– Кыргыз Республикасы менен Япониянын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери үчүн визасыз режимди белгилөө жөнүндө макулдашуу;

– Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча Гранттык жардам алууга багытталган макулдашуу;

– Кыргыз Республикасынын жана Япониянын юстиция министрликтеринин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

– Саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

– “Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы” мекемеси менен “Билим капиталы” ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум (MoU).

[image_carousel source=”media: 201654,201655,201656,201657,201658,201659,201660″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top