Жапаровдун Япониядагы сапарында кол коюлган документтердин тизмеси

Жапаровдун Япониядагы сапарында кол коюлган документтердин тизмеси

Президент Садыр Жапаровдун 17-20-ноябрда Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондо, төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы жаңы доордогу достук жана баарын камтыган ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен билдирүү;

— Кыргыз Республикасы менен Япониянын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери үчүн визасыз режимди белгилөө жөнүндө макулдашуу;

— Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча Гранттык жардам алууга багытталган макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын жана Япониянын юстиция министрликтеринин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы» мекемеси менен «Билим капиталы» ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум (MoU).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>