Тогуз-Тородо төкмө акындардын республикалык сынагы өттү

Тогуз-Тородо төкмө акындардын республикалык сынагы өттү

Тогуз-Торо районунун Казарман айылында «Саймалуу-Таш санаты» аталышындагы төкмө акындардын республикалык сынагы уюштурулуп, ага 34 акын катышты. Жыйынтыгында 16 төкмө акын финалга өттү. Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы күбө болду.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, акын-импровизаторлордун жана манасчылардын өнөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген. Кыргыздын төкмө акындары элдин үнү, эл баатырлары болгон. Бүгүнкү күндө акындардын чыгармачылыгы толук каржыланбай, буга байланыштуу депутат Исатбек кызы Аида тарабынан «Саймалуу-Таш санаты» акындар сынагынын уюштуруучуларына каражат тартуу иштери уюштурулган.

Өз куттуктоосунда эл өкүлү импровизация өнөрүн колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. «Силер жөн гана акын эмес, тарыхчы, журналисттерсиңер. Кыргыз эли өз тарыхында көптөгөн татаал окуяларды башынан өткөргөн, мунун баарын төкмө акындар оозеки чыгармаларында даңазалап келишет», — деп белгиледи Исатбек кызы Аида.

Сынактын жыйынтыгында акчалай сыйлыктар, сувенирлер жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>