Кыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктериПрезидент бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдуКыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары«Жалындуу чабуул» жана «Матросовдун эрдиги»: Бишкектин картасындагы эрдиктин символдору
Жапониянын экс-премьери Синдзо Абэ өлүм менен өмүрдүн ортосунда
08.07.2022 | 13:12
Жапониянын экс-премьер-министри Синдзо Абэден медиктер клиникалык өлүм аныкташты. Бул тууралуу Kyodo News агенттиги жазды.
Буга чейин Жапониянын Нара шаарында Синдзо Абе сөз сүйлөп жатканда белгисиз куралчан адам аны далыга эки ирет атканы маалымдалган.
“Абе ооруканага жеткирилген, бирок акыркы маалыматтар боюнча анын жүрөгү токтоп калган. Бул анын өлгөнүнөн кабар бериши мүмкүн. Бирок, маалымат тактала элек”, – деп билдирген Би-Би-Синин Токиодогу кабарчысы.
67 жаштагы Синдзо Абе 2020-жылы премьерлик кызматтан кеткен.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар