Бишкекте курулуш компаниясынын жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалдыНарын облусунда эки ашуу жана бир жол тилкеси жазга чейин жабылдыУКМК ишкерден акча талап кылууга шектелген эки адамды кармадыКыргызстанда ооруларды аныктоо жана дарылоо боюнча бирдиктүү стандарт иштелип чыктыМосквада Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуктуСадыр Жапаров ЖККУ жыйынында: Кыргызстан жамааттык коопсуздукту чыңдоого умтулат
Жапониянын экс-премьери Синдзо Абэ өлүм менен өмүрдүн ортосунда
08.07.2022 | 13:12
Жапониянын экс-премьер-министри Синдзо Абэден медиктер клиникалык өлүм аныкташты. Бул тууралуу Kyodo News агенттиги жазды.
Буга чейин Жапониянын Нара шаарында Синдзо Абе сөз сүйлөп жатканда белгисиз куралчан адам аны далыга эки ирет атканы маалымдалган.
“Абе ооруканага жеткирилген, бирок акыркы маалыматтар боюнча анын жүрөгү токтоп калган. Бул анын өлгөнүнөн кабар бериши мүмкүн. Бирок, маалымат тактала элек”, – деп билдирген Би-Би-Синин Токиодогу кабарчысы.
67 жаштагы Синдзо Абе 2020-жылы премьерлик кызматтан кеткен.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар