Аламүдүндө 3 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды

Аламүдүндө 3 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды

Аламүдүн районунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан 3 тоннадан ашык жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-июлдан 10-июлга чейин Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу максатында атайын иш-чара жүргүзүштү.

Анын алкагында бүгүнкү күндө Васильев жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн аймагында аянты 1,9 гектардан ашык жапайы өсүүчү кара куурай аныкталып, 3 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Мындан тышкары, учурда милиция кызматкерлери, иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга баңгизат камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз
өстүрүүгө байланыштуу түшүндүрүү иштерин да  жүргүзүшүүдө.

Жыл сайын Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан облустун аймагында жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>