Жарандар 1-июлдан кийин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыга албай калат

Жарандар 1-июлдан кийин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыга албай калат

Кыргызстанда 1-июлдан кийин мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу токтотулат. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Ал белгилегендей, мыйзамга ылайык Кыргызстанда эркектер 25 жылдык стаж менен 63 жаштан, аялдар 20 жылдык стаж менен 58 жаштан пенсияга чыгат. Бирок 40 жылдык стажы бар эркек кишилер 60 жаштан, аял кишилер 35 жылдык стаж менен 55 жаштан мөөнөтүнөн мурда (үч жыл эрте) пенсияга чыга алары каралган. Эми аталган норма 1-июлдан тарта жокко чыгып, мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу токтотулат. Аталган өзгөртүү жаңы кабыл алынган мыйзамда каралган.

Reporter.kg’ге Социалдык фонддон билдиришкендей, жаңы норма жеңилдик каралган жарандарга (бийик тоолуу шартта, алыска аймактарда жашагандар, көп балалуу энелерге) тиешелүү болбойт. Ал мурдагыдай эле мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыга алат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>