Жарандарды 20 млн сомго алдаган. «Феникс» компаниясынын өкүлү кармалды

«Феникс» компаниясынын өкүлү 20 миллион сомдук алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Милицияга жаран арыз менен кайрылып, «Феникс» компаниясынын өкүлү О.Н. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, аталган жаран кэшбэк алып берүү шылтоосу менен анын 34 миң 500 сомун алып, өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай жашырынып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Кылмышка шектүү катары 46 жаштагы Н.Ч. Осмонова кармалып, камакка алынды. Учурда ага карата 26 жаран арыз менен кайрылган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, келтирилген материалдык зыяндын суммасы 20 миллион сомго жакын. Тергөөнүн маалыматы боюнча, жабырлануучулардын саны 1000 адамдан ашышы мүмкүн.
Милиция аталган жарандын аракеттеринен жабыр тарткан адамдар 0 702 717 308 телефон номуру аркылуу кайрылса болорун билдирди.