Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алды
Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек кармалды
30.06.2022 | 13:12
Жарандык активист Адилет Али Мыктыбек Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу мурунку депутат, оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, бул саясий кармоо.
“Адилет активдүү жарандык позициясы үчүн кармалды”, – деп жазган ал.
Ал эми Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү жарандык активисттин кармалганын ырастап, Адилеттин суракка алынып келинишинин себеби кийинчерээк айтыларын белгилешти.
Жарандык активист Бишкектеги ар кандай нааразылык акцияларды, митингдерди социалдык тармактарда түз эфир аркылуу чагылдырып жүрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом