Өлкөнүн беделине шек келгени турат, — Жапаров тышкы карыз тууралуу

Өлкөнүн беделине шек келгени турат, — Жапаров тышкы карыз тууралуу

Эмдиги жылы 25 миллиард сом тегерегиндеги сырткы карызды жабуу милдети турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, алдыңкы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарды төлөшүбүз керек.

“Биздин алдыбызда өлкөнүн сырткы карызын төлөө, каржы булактарын табуу керек деген чоң маселебиз бар, аны билесиздер! Тагдырдын жазмышы экен, бул чоң көйгөй менин учурума туш келди. Буга чейинки берилген маалыматтарга ылайык, быйыл 23 миллиард сом, эмдиги жылы 25 миллиард сом тегерегиндеги сырткы карызды жабуу милдети турат. Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарыбызды төлөшүбүз керек. Төлөй албасак, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкөнүн беделине шек келгени турат. Бирок биз элибизге убада берип, бийлик башына келгенден кийин сырткы карыз сындуу олуттуу маселелерди чечүүгө да чечкиндүүлүгүбүздү көрсөтүшүбүз кажет. Албетте, мындай олуттуу маселерди сиздердин колдооңуздардын астында чечебиз деп ишенем”, — деди президент.

Мындан тышкары өлкө башчы: “Ошентсе да жогорудагыдай саясий упай топтоп, “электорат көбөйтөм” деген саясатчыларга кечээ жакында — 2020-жылы эле эмгек акыларды көтөргөндү, жол, мектеп жана башкаларды салганды, ири долбоорлорду пландап, ишке ашырганды мындай кой, ушул сырткы карызыбыздан кантип кутулабыз деген маселе күн тартибине коюлуп, айлабыз куруп турган маал экенин эске сала кетейин”, — деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>