«Радуга» пансионатындагы мушташ боюнча кылмыш иши козголду

«Радуга» пансионатындагы мушташ боюнча кылмыш иши козголду

«Радуга» пансионатынын пляжында 29-июнда болгон мушташуу фактысы боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-берененин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө «Радуга» пансионатынын пляжында мушташкан 18 адам алынып келинген. Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө мушташка 11 жарандын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган, анын ичинен 3 эс алуучу жана пансионаттын коопсуздук кызматынын 8 кызматкери болгон.

Кечээ тергөө кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында мушташтын негизги себепкери 34 жаштагы  М.Э. Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мушташтын башка катышуучуларына карата тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мушташ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>