Жаратылыш ресурстары министрлигинин башчысы Бишкектеги абанын булганышы боюнча эл аралык рейтингдин маалыматтарын туура эмес деп атады
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев абанын сапатынын глобалдык World Air Quality рейтингине ишенбей турганын билдирди. Парламенттик комитеттин жыйынында сөз сүйлөп жатып, аткаминер бул аянтчаны абройлуу эмес деп мүнөздөп, анын көрсөткүчтөрүн жаңылыш деп атады.
Министрдин айтымында, акыркы үч жылда борбор калаада абанын сапаты жакшыруу тенденциясын көрсөтүүдө. Машиев Бишкек булгануу деңгээли боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлей албасын баса белгилеп, эл аралык ресурста техникалык мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн экенин айтты. Мекеме жетекчиси атмосферанын абалы тууралуу ишенимдүү маалыматты датчиктерди өз алдынча орнотуп, көрсөткүчтөрдү каттап жаткан Гидрометеорологиялык кызмат берерин белгиледи.
Эске салсак, буга чейин Reporter.kg «МувГрин» экологиялык уюмуна шилтеме берүү менен объективдүү эмес статистиканын калыптануу тобокелдиктери тууралуу жазган. Эксперттер борбор калаада мониторинг куралдарынын санынын кыскарышы боюнча «кооптуу тенденцияны» белгилешкен. Өткөн жылдын декабрында Жаратылыш ресурстары министрлигинин инспекторлору датчиктерди текшерүү боюнча рейддерди өткөрүшкөн, андан кийин булгануунун жогорку деңгээлин каттаган көптөгөн түзмөктөр туура эмес деп жарыяланып, жалпы пайдалануу тармагынан чыгарылган.
Экологдор суюлган мониторинг тармагы «көрбөгөн зоналарды» жаратып, тандоонун жылышуусуна (смещение выборки) алып келерин эскертишүүдө. Эгер датчиктер жеке сектордун райондору сыяктуу эң көйгөйлүү локацияларда иштебей калса, шаар боюнча орточо көрсөткүчтөр жасалма түрдө жакшырышы мүмкүн. «МувГриндин» адистери ошондой эле быйылкы сезондо смогдун концентрациясынын убактылуу төмөндөшүн жагымдуу аба ырайы шарттары — шамал жана температура менен байланыштырышууда, алар зыяндуу заттардын табигый жол менен тарап кетишине өбөлгө түзөт. Эксперттердин версиясы боюнча, азыркы учурда Бишкекте абанын сапатынын метеорологиялык факторлордон көз каранды болбогон туруктуу жана системалуу жакшыруусунун объективдүү далилдери жок.