Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
ЖАМК жана ИИМдин кызматкерлери алдамчылыкка шектелип кармалды
03.02.2026 | 15:02

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) 16-түзөтүү мекемесинин кызматкери жана Биринчи май РИИБдин кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалышты.
УКМКнын маалыматына ылайык, аталган кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп алып, №1 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан адамга кечирим берүү маселесин чечүүнү убада кылышкан. Алар 2024-жылдын декабрынан 2025-жылдын апрелине чейинки аралыкта соттолгон жарандын ишенимине кирип, ири суммадагы акча каражатын алышкан. Кийинчерээк соттолгон адамдын кечирим алуу тууралуу өтүнүчү четке кагылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козголду.
Жогоруда аталган кызматкерлер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар